Тажикстандан берилген айдоочулук куболукту алып Кыргызстанда аяктаган жарандыгын мен 10 жылдык айдоочулук тажрыйбамы
Мен Кыргыз жарандыгын алганмын Тажикстандан берилген айдоочулук куболукту Кыргызстандын айдоочулук куболугуно кантип алмаштырам же кайрадан окуп анан аламбы 10 жылдык айдоочулук тажрыйбам бар.
Чет мамлекеттин улуттук айдоочулук күбөлүгүн Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнө алмаштыруу үчүн төмөнкү документтер берилет:
архив иши, калкты жана транспорттук каражаттарды, атайын технологиялык машиналарды, айдоочуларды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формадагы арыз;
өздүгүн тастыктоочу документ, эгерде сиз жашаган жериңизде каттооңуз жана алты айдан кем эмес мөөнөткө визаңыз же жашоого уруксатыңыз болсо;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча медициналык кароодон өткөндүгүн ырастоочу документ (наркологиялык, психикалык ден соолукту аныктоо, көздү текшерүү);
чет өлкөлүк улуттук айдоочулук күбөлүк жана чет мамлекетте берилген айдоочулук күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу;
Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган белгиленген жыйымдардын төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы).
Керектүү документтерди тапшыргандан кийин чет өлкөлүк жарандар квалификациялык сынак тапшырышат.
СпроситьОбращение о помощи - Нужна помощь с оплатой штрафа в размере 60000 рублей в Москве
Саламатсыздарбы айдочулук куболугуму жонотуп алдым эле кантип алсам болот канча кундун ичинде.
Карақалпағынан келген адамдар апасынан айырылтып апасынды сотка бере алса болар ма?
Недоплата зарплаты после закрытия бара - директор тянет время, угощая завтраками
